Насирдин Исановдун 70 жылдыгына карата Ноокатта окуучулар арасында олимпиада өтөт
Октябрь айында Оштун Ноокат районундагы окуучулар арасында кыргыз тили жана адабияты боюнча райондук I олимпиада өтөт. Бул иш-чара КРнын туңгуч премьер-министри Насирдин Исановдун 70 жылдыгына арналат. Олимпиаданын максаты – кыргыз тилин жана кыргыз маданиятын, тарыхын, этнографиясын, этнопедагогикасын, салттуу музыкасын жана башка баалуулуктарын сыйлай билген таланттуу улан-кыздарды табуу, аларды, алардын мугалимдерин, тарбиячыларын, мектептерин шыктандыруу жана материалдык-моралдык жактан колдоо, мамлекеттик жана коомдук ишмер Насирдин Исановдун өмүрүн жана ишмердүүлүгүн жаштар арасында даңазалоо. Олимпиадага 8-9-10-11-класстын окуучулары катышат. Кыргыз тили жана адабияты олимпиадасы эки баскыч боюнча өтөт, биринчиси - дил баян жазуу, экинчиси - аткаруучулук чеберчилик. Бул номинацияга катышуучулардын тандооосу боюнча элдик ырлар, күүлөр, дастандар болушу да мүмкүн. Демөөрчүлөр тарабынан жеңүүчү окуучулар үчүн ноутбук, мектеби үчүн персоналдык компьютер, китептер топтому, мугалими үчүн акчалай сыйлыктар каралган.