Дастан Бекешев: "Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү үгүт иштерин жасабашы керек"

Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү үгүт иштерин жасабашы керек. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев бүгүн, 23-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Жогорку Кеңештин күн тартибинде экономикалык маселелер каралып жатат. Анда бул президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Анарбек Калматов ар бир маселе боюнча пикирин билдирүүгө укуктуу экенин айтты.

"Дастан Далабаевич "сиз депутат эмессиз ", деп айтышы мүмкүн. Депутат болбосом дагы, менде президенттин өкүлү тууралуу жобо бар. Анда мен ар бир маселе боюнча пикиримди билдирүүгө укугум бар экени жазылган. Ошондой президенттин атынан көз карашымды айтып, аны жактоого дагы укугум бар" , - дейт Калматов.

Буга карата депутат Бекешев: "Ооба, президенттин өкүлү өз позициясын билдирүүгө укуктуу, бирок үгүт иштерин кылбашы керек. Мен эскерте кетсем, өткөн аптада референдум боюнча талкуу кылганбыз. Ошол жерде Анарбек Баратович үгүт сөздөрүн айткан. Ошондо мен "бул жерде үгүт кылбагыла, сиз депутат эмессиз" деген эскертүүмдү айткам. Ал эми позицияңыз тууралуу айта бериңиз. Маселе жок" , - деп жооп берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан