Вице-премьер-министр: "Шайлоо тизмесине 3 миллион 544 миң жаран кирди"

Шайлоо тизмесине 3 миллион 544 миң жаран кирди. Бул тууралуу бүгүн, 23-декабрда вице-премьер министр Максат Мамытканов Өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

"Бул шайлоонун өзгөчөлүгү катары форма-2нин өлкө ичинде жоюлушу болду. Мурун болуп өткөн шайлоодо 1 жарым миллион жаран паспортунда катталган жерлери боюнча эмес, жашаган даректери боюнча шайлоого катышышкан. Көптөгөн нааразычылыктар дал ушул форма-2 боюнча болгон. Бул боюнча Жогорку Кеңеш саясий чечим кабыл алды. Форма-2 азыр жок. Ал мыйзам менен жокко чыгарылды" , - дейт Мамытканов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан