БШК төрайымы: "Форма-2 жоюлганына байланыштуу Бишкекте шайлоочулардын саны азайды

Форма-2 жоюлганына байланыштуу өлкөнүн кээ бир аймактарында шайлоочулардын саны азайды. Бул тууралуу бүгүн 23-декабрда БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

"Бишкек шаарында жана Чүй облусунун Аламүдүн, Сокулук райондорунда шайлоо тизмесине кирген жарандардын саны азайганы байкалууда. Өткөн шайлоого салыштырмалуу добуш берүүчүлөрдүн саны 21 миң 800 адамга кыскарды. Бул 2020-жылдын 23-декабрына карата алынган маалыматтар. 10-январга белгиленген шайлоодо жарандар паспортунда жазылган дарек боюнча гана добуш бере алышат" , - деди Шайлдабекова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан