10-январь - Кыргыз Республикасынын президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнү. Президенттик тактыга 18 талапкер ат салышууда.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы окурмандардын арасында сурамжылоо жүргүзүүдө. Туура бир апта мурун башталган сурамжылоого жалпы 778 колдонуучу катышты. Азырынча Садыр Жапаров атаандаштарынан ат чабым алдыда келүүдө. Башкача айтканда, сурамжылоого катышкандардын 58,5 пайызы же 455 колдонуучу Жапаровдун талапкерлигин жактырган.
Ал эми 20,2 пайыз же 157 адамдын колдоосуна ээ болгон Адахан Мадумаров экинчи орунда келе жатат.
Алдыңкы үчтүктө, тагыраагы, 3-орунда 3,6 пайыз же 28 добуш алган "баарына каршы" графасы бар.
4 жана 5-орундарда Эльдар Абакиров (3,5 пайыз же 27 добуш) жана Улукбек Кочкоров (3 пайыз же 23 добуш) жайгашты.
Сурамжылоонун эң төмөнкү катмарында жайгашкан Жеңишбек Байгуттиев жана Канат Исаев азырынча бир дагы добушка ээ боло элек.
23-декабрга карата сурамжылоонун жыйынтыгы:
Жапаров Садыр Нургожоевич - 58,5% (455);
Мадумаров Адахан Кимсанбаевич - 20,2% (157);
Баарына каршы - 3,6% (28);
Абакиров Эльдар Курманбекович - 3,5% (27);
Кочкоров Улукбек Тойчубаевич - 3% (23);
Ташов Имамидин Асамидинович - 2,1% (16);
Арстанбек Мыктыбек - 1,8% (14);
Калмаматов Бактыбек Орозалиевич - 1,8% (14);
Жээнбеков Равшан Бабырбекович - 1,3% (10);
Төлбаев Бабыржан Латиханович - 1% (8);
Касенов Аймен Абдыталипович - 0,9% (7);
Сегизбаев Абдил Кеңешевич - 0,6% (5);
Асанов Курсан Сатарович - 0,5% (4);
Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевич (Арстан Алай) - 0,4% (3);
Сооронкулова Клара Сыргакбековна - 0,4% (3);
Иманалиев Каныбек Капашович - 0,3% (2);
Тагаев Рашид Бакирович - 0,3% (2);
Байгуттиев Жеңишбек Сейтбекович - 0% (0);
Исаев Канатбек Кедейканович - 0% (0).
Жума сайын сурамжылоонун алдын ала жыйынтыктары жарыяланып турат. Ал эми соңку жыйынтык президенттик шайлоого 1 апта калганда чыгат. Добуш берүүгө катышуу үчүн
ушул шилтеме аркылуу өтүңүз.