Турсунбай Бакир уулу менен Асия Сасыкбаева акыйкатчы шайлоодо добуш берүүгө катышуудан баш тартты
Акыйкатчылык кызматка талапкер ЖКнын депутаттары Турсунбай Бакир уулу менен Асия Сасыкбаева парламентте акыйкатчы шайлоодо добуш берүүгө катышуудан баш тартты. Бул кадамга эл өкүлдөрү "талапкер депутат добуш бербеши керек" деген сын пикирлерден кийин барышты. Добуш берүү процесси бүтүп, эсептөө комиссиясы добуштарды саноого киришти. Акыйкатчы болом деген 49 талапкер ат салышууда.