Анда Артём Новиков кырдаалдык борбордун ишке берилиши өткөрүү пункттары аркылуу товарларды жана транспорттук каражаттарды ташууда бажы администрациясынын ачыктыгын жана натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган маанилүү кадамдардын бири болорун белгилегени жазылат.
"Кырдаалдык борборду ачуу тышкы экономикалык ишкерлик катышуучулары үчүн бирдиктүү оюн эрежелерин камсыздоо максатында алга карай кадам болуп эсептелет. Аталган борбор – чек ара аркылуу ташылуучу бардык жүктөрдү автоматташтырылган эсептөө боюнча тутумду ишке ашыруудагы негизги курам болуп саналат", - деген Артем Новиков борбордун ачылышында сөз сүйлөп жатып.Маалым болгондой, Кырдаалдык борбор бажы көзөмөлү пункттары аркылуу товарлардын жана жүктөрдүн ташылуусун онлайн-режимде көзөмөлдөөчү тийиштүү жабдуулар жана программалык камсыздоолор менен жабдылган. Мындан тышкары, Кырдаалдык борбордо жарандарды тейлөөчү колл-борбор иштейт.