"Садыр жакшы көргөн досум, экөөбүздү бийлик, байлык ажырата албайт" дейт Камчыбек Ташиев

Маалымат жыйында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев президенттикке талапкерлигин койгон Садыр Жапаров боюнча да айтып өттү.

"Ал жөн эле кандидат эмес. Мен үчүн бардык кандидаттар бирдей. Садыр мен үчүн чоң адам. Садыр жакшы көргөн, жашоомдо тапкан жакшы досум. Биз Садыр экөөбүз мурдатан ойлонгон, мамлекетти башкача кылып курабыз, өлкөгө иштейбиз, элдин кадыр-баркын көтөрөбүз деген максаттарга жетерибизге ишенем.

Садыр экөөбүздүн достугубуз, мамилебиз түбөлүк болот деген ойдомун. Ал экөөбүздү кудай эле ажыратпаса, башка бийлик, байлык, талаш-тартыш ажырата албайт. Чагымчылдар туруп алып, Садыр менен Камчыбек урушуп жатыптыр, минтип атыптыр деген сөздөр туура эмес. Садыр азыр шайлоого баратат. Ал эгер буюруп, өлкө башчы болуп калса, биз баягы максатыбызга чогуу жетебиз. Себеби Садыр экөөбүз мындан дагы оор мезгилди башыбыздан өткөргөнбүз", - деди Ташиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bekalife
2020-12-24 15:03:18
Аллахым колдосун экоонуздорду. Элибиздин жакшы жашоосу учун салым кошуп журо бериниздер демекчимин
+19
bbek
2020-12-24 16:42:35
Кудай колдосун кыргыздын бактысына келген достор ийгилкик коштоп Кыргызстанды гулдоткуло карапайым калк силер менен
+11
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан