"Жогорку сот күнөөсүздүк презумпциясы кылмыш ишинин негизги принциптеринин бири экендигин эске салууну маанилүү деп эсептейт, бул мыйзамда белгиленген тартипте жасалган кылмыш үчүн күнөөсү далилденгенге чейин жана соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими менен аныкталганга чейин адам күнөөсүз деп эсептелет. "Жергиликтүү сот" АМСти ишке ашырууга байланыштуу, бул долбоор Европа Биримдигинин “Кыргыз Республикасында укук үстөмдүгү” долбоорунун алкагында ишке ашырылып жаткандыгын, тендерлерди жана подрядчиктерди тандоону эл аралык уюм өзү жүргүзөрүн белгилейбиз", - деп жазылат маалыматта.
Жогорку Сот органынын жетекчилиги жана кызматкерлеринин айтылган айыптоолорго катыштыгы мүмкүн эместигин кошумчалашты.
"Сот бийлиги акыркы күндөрү аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийлигинин өкүлдөрү тарабынан конструктивдүү эмес сын-пикирлер менен айыптоолорго дуушар болуп, алар сотко чейинки текшерүү жүргүзүлүп жаткан маселелерди коомдук талкууга алып чыгууда. Сот тутумунун өкүлдөрүн айыптоолор акыры анын беделин түшүрүүгө алып келет. Мындай көрүнүштөр элдин сот тутумуна болгон ишенимин төмөндөтүп, учурдагы мыйзамдарга каршы келерин билдирет", - деп билдирди Жогорку Соттон.
Белгилей кетсек, бүгүн, 24-декабрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат берип жатып Жогорку Соттун төрайымы
Гүлбара Калиевага карата кылмыш иши козголгонун айтып, эгер тартип комиссиясы макулдугун берсе камакка алынарын
билдирген.