Ысык-Көл. Түп районунда реабилитациялык борбор ачуу пландалууда

Ысык-Көлдүн Түп айылында социалдык-реабилитациялык борбор ачуу пландалууда. Бул тууралуу Түп райадминистрациясынан билдиришти. Борбор "Балдардын укугун коргоо лигасынын" директору Назгүл Турдубекованын сунушу менен ачылганы жатат. Райондун акиминин орун басары жана Түп айыл өкмөтүнүн башчысы Бишкекке барып, шаардагы кризистик борбордун ишин көрүп кайтышкан. "Имаратты даярдоо жана долбоор жазып, керектүү жабдууларды алууга "Балдардын укугун коргоо лигасы" көмөктөшөт",- деп билдиришти акимчиликтен.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан