Акыйкатчы шайлоодо 2-турга 49 талапкердин ичинен Асия Сасыкбаева менен Бакыт Аманбаев өттү

Бүгүн, 2-октябрда Жогорку Кеңеште КРнын Акыйкатчысын шайлоо аяктады. Жыйынтыгында талапкерлер Асия Сасыкбаева менен Бакытбек Аманбаев 2-турга өтүштү. Сасыкбаева 69, Аманбаев 65 макул деген добуш алды. Учурда комиссия 2-турду өткөрүүгө даярдык көрүүнү баштады. Экөөнүн кимиси депутаттардын көбүнүн добушун алса, КРнын Акыйкатчысы болуп шайланат. Акыйкатчылык кызматка 49 талапкер ат салышты.  

Эскерте кетсек, Турсунбек Акун июнь айында депутаттык комиссия тарабынан "мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаевдин абактан мөөнөтүнөн мурда бошотулушуна катыштыгы бар деп табылып, көпчүлүк депутаттардын добушу менен кызматтан мөөнөтүнөн мурда бошотулган эле. Андан кийин бошогон акыйкатчылык орунга талапкерлердин документтерин кабыл алуу башталган. Акыйкатчы болом деп 54 жаран арыз берип, кийин айрымдары баш тарткан. Ал эми Турсунбек Акун "акыйкатчы мыйзамсыз бошотулду, акыйкатчы шайлоо да мыйзамсыз өтүп жатат" деп 16-сентябрдан бери ачкачылык кармап жатат.  

Ал Батукаевдин бошотулушуна тийиши бар делген бардык аткаминерлердин жумуштан кетишин жана парламенттин тарашын талап кылууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан