Акыйкатчы шайлоодо Нурлан Мотуевге 12 депутат добуш берди
Жогорку Кеңеште КРнын Акыйкатчысын шайлоонун 1-туру өттү. Анда депутаттардын 69 добушун алган талапкер Асия Сасыкбаева менен 65 добуш алган Бактыбек Аманбаев 2-турга өтүштү. Учурда 2-турду өткөрүүгө даярдык көрүлүп жатат. Айта кетсек, аталган кызматка 49 талапкер ат салышты. Талапкерлер: Нурлан Мотуев 12 добуш, ЖКнын депутаты Турсунбай Бакир уулу 45, экс-юстиция министри Марат Кайыпов 36, акыйкатчынын орун басары Мухтар Кожошов, укук коргоочу Токтайым Үмөталиева 41 добуш алышты.