Жалал-Абаддын Аксы районундагы "Аксы районун коргоо кыймылы" КРнын коргоо, коопсуздук жана чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министри Токон Мамытовдун 7-октябрда Аксыга барып чек ара боюнча элге маалымат беришин талап кылышууда. Муну бизге аталган райондун акиминин орун басары Айжан Чилетова билдирди. Кыймылдын 12 мүчөсү кол койгон кайрылуу бүгүн, 2-октябрда акимчиликке келип түштү. Алар 4 талап коюшууда:
1. Аксыдагы Унгар-Тоонун айланасындагы талаш жерди толугу менен Кыргызстанга өткөрүү
2. Өлкөнүн түштүк аймагындагы талаш туудурган чек ара маселесин тез арада чечүү
3. КРнын коргоо, коопсуздук жана чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министри Токон Мамытов 7-октябрда Аксы районуна барып, элге чек ара көйгөйлөрү боюнча маалымат бериши
4. Мамлекеттик телеканалдардын чек ара көйгөйлөрүн бурмалабай калыс чагылдырышын камсыз кылуу.
Аталган кыймыл 7-октябрда чек арадагы кырдаал боюнча атайын жыйын өткөрүүнү пландап жатыптыр.
Эске салсак, 22-сентябрда Унгар-Тоодо жайгашкан ретрансляциялоо станциясына өзбекстандык чек арачылар тик учак менен келишип, станциянын такталбаган аймакта жайгашканын айтышкан. Алар ал жердеги кызматкерлердин аты-жөнүн текшерип, тескөөгө алышкан. 30-сентябрда эки өлкөнүн чек ара башчылары Ошто жолугушуп, кырдаалды талкуулашты. Андагы сүйлөшүү боюнча, бүгүн аймактан өзбек чек арачылары чыгарылды. Тоонун айланасындагы кыргыз тараптын чек арачылары да алынып, абал турукташканы айтылды.
Унгар-Тоо Аксы районунда Өзбекстан менен чектешкен аймакта жайгашкан. Анын чокусуна Кыргызстандагы телерадиоберүүлөрдү таратуучу ретрансляциялык станция жайгашып, районду Кыргызстандын негизги телерадиоберүүлөрү менен камсыздайт.