Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев ызалуу катын жазды. Бул каттын сүрөтүн анын жактоочусу Замир Жоошев жарыялады.
Ал билдиргендей, акыркы күндөрү "Атамбаев Сооронбайдан өч алууну эңсейт экен" деген маалыматтар эл арасында тарап жатат. Бул тууралуу гезиттен окуп билген Алмазбек Атамбаев, өз ойлорун катта жазган.
Анда Сооронбай Жээнбековдон өч алууга убакыт коротуунун эми кажети жоктугун билдирген. "Өмүрдү жакшы нерселерге арноо керек", - деген пикирин жазган.