УКМК: "Башкы прокуратурага жана Соттор кеңешине Гүлбара Калиеваны кылмыш жоопкерчилигине тартуу өтүнүчү келтирилди"

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 24-декабрда маалымат берип жатып Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиевага карата кылмыш иши козголгонун айтып, эгер тартип комиссиясы макулдугун берсе камакка алынарын билдирген.

Аталган комитет өлкөнүн Башкы прокуратурасына жана Соттор кеңешине Гүлбара Калиеваны кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берүүнү суранды. Бул тууралуу бүгүн, 26-декабрда УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Жергиликтүү сот" АМС долбоорун ишке ашыруудагы коррупциялык иштер аныкталып, фактынын негизинде Жогорку Соттун кызмат адамдарына карата сотко чейинки өндүрүш иши жүргүзүлүүдө. Жүргүзүлүп жаткан сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиеванын бул ишке тиешеси бар экендиги, ал төгүндөлгүс экени аныкталды. Буга байланыштуу Башкы прокуратурага жана Соттор кеңешине Калиеваны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө тартип комиссиясына сунуш берүү өтүнүчү келтирилди. Эгерде өтүнүч канааттандырылса Калиева кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

Мамлекеттик бийликтин бутагы болгон Жогорку Сот жана Соттор кеңеши өздөрүнүн позициясын жана бейтараптуулугун алдын ала аныктап алганы тынчсыздандырат. Конституцияга ылайык, Кыргыз Республикасында бардык жарандар мыйзам жана сот алдында бирдей", - деп айтылат маалыматта.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Tolik555
2020-12-26 12:10:28
Ташиев азамат Кыргыз элинин бактына бар болгуча.
+8
Tolik555
2020-12-26 12:11:53
Болгула
+4
nazarnew
2020-12-26 12:23:10
Блин баарын камагылачы оптом, тварьларды, Абылгазиев эшек уродду дагы камагыла, жыштык үчүн ошол жооптуу, и опумбаев, Жунушалиев, Боронов, космосту, Асылбекти оптом аттырып эле салгылачы, аша эшек менен коштуруп туруп, булар эл душмандары.
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан