2-октябрда Ош шаардык мэриясында Мугалимдер күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болду. Салтанатка Оштогу мектеп мугалимдери, бала бакча тарбиячылары, маданият, спорт жана билим берүү башкармалыгынын кызматкерлери катышты. Вице-мэр Дастан Ходжаев мугалимдерди шаар башчысынын атынан кесиптик майрамы менен куттуктады. Ал өз сөзүндө Ош шаарынын мэриясы шаардык билим берүү мекемелерин өнүктүрүүгө бардык мүмкүнчүлүктөрдү жумшай тургандыгын билдирди. "Жыл сайын республикалык олимпиадаларда биринчи орунду алган окуучулардын саны өсүүдө, бул сиздердин ийгилигиңиздер. Ош мэриясы өз убадасын аткаруу менен сиздерге дайыма жардам берип келген жана мындан ары да көмөк көрсөтө бермекчи",- деди Ходжаев.