2-октябрда Оштун Ноокат районундагы Жаңы-Базар айылында Кыргызстандын туңгуч премьер-министри Насирдин Исановдун 70 жылдыгына арналган эркин күрөш боюнча спорттук мелдеш өттү. Таймашта райондун аймагынан 23 килограммдан 83 килограммга чейинки салмактык категорияда 100дөн ашуун спортчу катышты. Аталган иш-чараны “Бир бол” коомдук бирикмеси уюштурду. "Иш-чаранын максаты - мамлекеттик ишмер Насирдин Исановду эскерүү жана өсүп келе жаткан жаш муундарга анын жасаган иштери, жашоосу тууралуу маалымат берүү”- дейт уюштуруучулар. Спорттук иш-чаранын жыйынтыгында жеңүүчүлөргө медалдар жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.