Бүгүн, 3-октябрда Жогорку Кеңеш "Кумтөр" маселесин карайт

Жогорку Кеңеш бүгүн, 3-октябрда "Кумтөр" боюнча өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев сунуштаган меморандумду карайт. Буга чейин меморандум фракцияларда каралып, "Ата Мекен" жана "Ар-намыс" фракциялары аны колдобоо чечимин кабыл алышкан. Бул фракциялар "меморандум кыргыз тараптын кызыкчылыгына толук жооп бербейт" деп табышты.  

Эске салсак, 1993-жылы "Кумтөр" келишими жаңы түзүлгөндө Кыргызстандын үлүшү 67 пайыз болчу. "Кумтөр" 10 жылдан кийин толугу менен Кыргызстан тарапка өтмөк, бирок андай болгон эмес. Келишим өзгөртүлүп, кыргыз тараптын үлүшү улам азайып отуруп 33 пайызга чейин түштү. Учурда айрым саясатчылар алгачкы келишимге кайтып, үлүштү 67 пайыз кылууну, айрымдар "Кумтөрдү" 100 пайызга мамлекетке алууну талап кылып жатат. Ал эми өкмөт "пайданын 50х50 пайыздан бөлүнүшү туура" деген позицияны карманууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан