Ош облустук ооруканасында 4-5-октябрь күндөрү “Балдар хирургиясы жана педиатриянын актуалдуу көйгөйлөрү” аттуу практикалык конференция өтөт. Аталган иш-чара облустар аралык балдар ооруканасынын 50 жылдыгына арналат. Конференцияга Кыргызстанда жана КМШда медицина тармагына эмгеги сиңген белгилүү илимпоздор катышат. Анда балдар ооруларынын алдын алуу, балдар хирургиясы жана травматология, өспүрүм балдардын тамактануусу жана алардын өсүүсү тууралуу суроолордун тегерегинде талкуулар жүрөт.