Шайлоо фондунан кайсы президенттикке талапкер канча акча чыгымдады? Садыр Жапаровдун өкүлү Аспеков менен Жунусбековдун үстүнөн БШКга даттанды. Күн ичинде орун алган саясий жаңылыктардын топтому бир шилтемеде

Бүгүн, 28-декабрь, күнгө дүйшөмбү. Күндөгүдөй эле бул күн да саясий окуяларга, жаңылыктарга бай болду. Алардын баарынан кабардар болууга үлгүрбөй калсаңыз, бул материал сиз үчүн. SUPER.KG порталы күн ичинде орун алган "туздуу" саясий окуялардын топтомун сунуш кылат.
Садыр Жапаровдун өкүлү Аспеков менен Жунусбековдун үстүнөн БШКга даттанды
Президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун ыйгарым укуктуу өкүлү Александр Мощин жарандык активист Мелис Аспеков менен "Мегаком" компаниясынын башкы директорунун кеңешчиси Төрөхан Жунусбековдун үстүнөн Борбордук шайлоо комиссиясына даттанды.

Белгилүү болгондой, Александр Мощин өзүнүн жазган арызында Мелис Аспеков менен Төрөхан Жунусбеков Садыр Жапаровдун шайлоо кампаниясынын атынан билдирүүлөрдү жасап жатканын белгилеп, мындай укук аларга берилбегенин айткан.

"Алар мындай мыйзамсыз аракеттери менен Садыр Жапаров тууралуу терс пикирлердин калыптанышына түрткү болууда", - деп жазылган даттанууда.
Мамытов жетекчилерден электрондук кызмат көрсөтүүлөрдү киргизүүгө көңүл бурууну талап кылды

Бүгүн, 28-декабрда «Кыргыз Республикасындагы санариптештирүүнүн негизги багыттары: келечеги жана чакырыктар» аттуу конференциясы өттү.

Анда президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов жетекчилерден электрондук кызмат көрсөтүүлөрдү киргизүүгө көңүл бурууну талап кылды.

"Эң биринчи кезекте бул формат адам фактору менен коррупциялык көрүнүштөрдү жоёт, аны менен жарандардын убактысы жана каражаты үнөмдөлөт. Мындан ары элибиз аткаминерлердин артынан чуркабашы керек, тиешелүү тиркеме аркылуу, маселен, салык кызматынан же башка органдардан керектүү маалыматты алууга мүмкүнчүлүгү болушу зарыл", - деди Талант Мамытов.

Президенттин милдетин аткаруучу санарип технологиялар киргизилмейинче, мамлекеттик кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү түйшүктөрдөн арылбастыгын кошумчалап, жетекчилерди чечкиндүү түрдө өздөрүнө жоопкерчиликти алууга чакырды.

Ошондой эле Талант Мамытов мекемелерге автоматташтырылган системаны киргизүү процессин жайлаткан жана саботаж кылып жаткан мамлекеттик органдардын жетекчилерин сынга алды.

"Бүткүл дүйнө жүзү заманбап технологияларды киргизип жатса, биздин маморгандар дале эскиче, кагаздар менен иштеп жатат. Айрым жетекчилер тактамаларды жана маалыматтарды берүү менен өз чөнтөктөрүнө иштеп жатышат. Бул системаны сындыруу абдан оор, бирок буга биздин эркибиз жетет. Башкы максат — эски системаны жок кылуу, коррупцияны түп-тамырынан бери жоюу, адам факторун четтетүү. Кол койгон Жарлыкта мөөнөттөр көрсөтүлгөн: март айына чейин жетекчилер санариптештирүүнү ыкчам жана натыйжалуу кылып киргизет же алар менен биздин сөзүбүз кыска болот", - деди президенттин милдетин аткаруучу.

Ал мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн 56 түрү бар экенин, анда адамдын туулганынан тартып каза болгонуна чейинки кызмат көрсөтүүлөр камтылганын кошумчалады.

Шайлоо фондунан кайсы президенттикке талапкер канча акча чыгымдады?

Борбордук шайлоо комиссиясынын контролдук-текшерүү тобу 25-декабрга банк маалыматтарынын негизинде 18 талапкердин шайлоо фондуларына каражаттардын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат берди. Президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.

Президенттикке талапкерлердин аты-жөнү

Келип түштү

Чыгымдалды

1

Жапаров Садыр Нургожоевич

51 461 000

50 439 859

2

Исаев Канатбек Кедейканович

1 237 000

1 165 815

3

Арстанбек Мыктыбек

1 117 000

1 115 750

4

Сооронкулова Клара Сыргакбековна

1 128 650

1 020 370

5

Ташов Имамидин Асамидинович

4 924 600

3 685 510

6

Тагаев Рашид Бакирович

3 722 500

3 156 577

7

Сегизбаев Абдил Кенешевич

3 759 910

3 632 305

8

Мадумаров Адахан Кимсанбаевич

2 627 100

2 612 826

9

Касенов Аймен Абдыталипович

3 572 805

3 506 593

10

Кочкоров Улукбек Тойчубаевич

1 387 250

1 343 950

11

Байгуттиев Женишбек Сейтбекович

3 337 850

2 827 816

12

Абакиров Эльдар Курманбекович

1 551 943

1 502 831

13

Асанов Курсан Сатарович

2 571 676

2 424 702

14

Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевич

2 285 000

1 577 781

15

Жээнбеков Равшан Бабырбекович

2 338 000

2 316 293

16

Калмаматов Бактыбек Орозалиевич

1 419 020

1 350 465

17

Тольбаев Бабыржан Латиханович

14 224 572

9 264 488

18

Иманалиев Каныбек Капашович

1 797 568

1 696 815

Жалпы:

104 463 444

94 640 746

Башкы прокуратурага жана Соттор кеңешине Гүлбара Калиеваны кылмыш жоопкерчилигине тартуу өтүнүчү келтирилди

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 24-декабрда маалымат берип жатып Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиевага карата кылмыш иши козголгонун айтып, эгер тартип комиссиясы макулдугун берсе камакка алынарын билдирген.

Аталган комитет өлкөнүн Башкы прокуратурасына жана Соттор кеңешине Гүлбара Калиеваны кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берүүнү суранды. Бул тууралуу 26-декабрда УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Жергиликтүү сот" АМС долбоорун ишке ашыруудагы коррупциялык иштер аныкталып, фактынын негизинде Жогорку Соттун кызмат адамдарына карата сотко чейинки өндүрүш иши жүргүзүлүүдө. Жүргүзүлүп жаткан сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиеванын бул ишке тиешеси бар экендиги, ал төгүндөлгүс экени аныкталды. Буга байланыштуу Башкы прокуратурага жана Соттор кеңешине Калиеваны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө тартип комиссиясына сунуш берүү өтүнүчү келтирилди. Эгерде өтүнүч канааттандырылса Калиева кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

Мамлекеттик бийликтин бутагы болгон Жогорку Сот жана Соттор кеңеши өздөрүнүн позициясын жана бейтараптуулугун алдын ала аныктап алганы тынчсыздандырат. Конституцияга ылайык, Кыргыз Республикасында бардык жарандар мыйзам жана сот алдында бирдей", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан