Бишкекте жаштарга жыныстык байланыш түзүү тууралуу маалымат берүү боюнча конференция өтөт.

Бишкекте  “Альянс репродуктивдүү ден соолук” коомдук уюму, Жыныстык акт жана репродуктивдүү ден соолук коалициясы менен биргеликте 3-октябрда  жыныстык байланыш түзүү тууралуу маалымат берүү боюнча конференция өткөрөт. Конференцияга укук коргоочулар, жаштар кыймылынын, мамлекеттик жана бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда болот. Катышуучулар  бийлик башчыларына жаштарга жыныстык байланыш түзүү жөнүндө маалымттын жетишсиздиги бул жалпы эле коом үчүн кооптуу экенин айтууну көздөшүүдө. Конференцияда Кыргызстандагы жыныстык акт тууралуу маалыматсыздык кандай жыйынтыктарды берип жатканы көрсөтүлөт. “Маалымат берүү жаштар арасындагы жыныстык активдүүлүктү, күтүүсүз кош бойлуулукту жана жыныстык жол менен берилүүчү инфекциялардын санын азайтат. Бирок маалымат берүүгө көрүлгөн аракеттерге тоскоолдуктар көп болууда”,- дешет уюштуруучулар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан