Каныбек Иманалиев: "Акыйкатчы шайлоодо бүт Жогорку Кеңеш уят болду"

"Акыйкатчы шайлоо учурунда айрым депутаттардын айынан бүт парламент уят болду",- деди ЖКнын 3-октябрдагы жыйынында депутат Каныбек Иманалиев. Анын айтымында, акыйкатчы шайлоо бүгүн улантылышы керек. "Урнага ашыкча бюллетень салган депутаттар сыналгы аркылуу элден кечирим сурасын. Азыр акыйкатчы шайлоону жокко чыгаралы дегендер чыгууда, бул мыйзамга да, ЖКнын регламентине да каршы келет",- деди Иманалиев. Төрага Асылбек Жээнбеков күнөөлүү депутататтар табылып, аты атала турганын убадалады.  

Эске салсак, 2-октябрда парламентте КРнын Акыйкатчысын шайлоо өттү. Биринчи турда 49 талапкердин ичинен Асия Сасыкбаева менен Бакыт Аманбаев кийинки турга өтүшкөн эле. 2-турда депутаттарга 97 бюллетень таратылып, урнаны ачканда 101 бюллетень чыкты. Буга байланыштуу шайлоонун жыйынтыгы чыкпай, аны өткөрүү 3-октябрга белгиленген. "Республика" жана "Ата Журт" фракциялары эсептөө комиссиясынан өз мүчөлөрүн чыгарып алышып, ордуна башкаларын киргизишти. Айрым депутаттар комиссиянын мүчөлөрүн толугу менен алмаштыруу керектигин айтышууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан