Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого карата 311 эл аралык байкоочу каттады. Бул тууралуу аталган комиссиянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 28-декабрдагы жыйында төмөнкү ар кандай миссиялардын 113 өкүлүн президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоого эл аралык байкоочу катары аккредитациялоо токтомун кабыл алды.
28-декабрга карата БШК тарабынан дүйнөнүн 43 өлкөсүнөн 31 эл аралык уюмдардын атынан 311 эл аралык байкоочу аккредитациядан өттү.