Президенттикке талапкер Иманалиев Садыр Жапаров административдик ресурс колдонуп жатканын айтты

Президенттикке талапкер Каныбек Иманалиев Садыр Жапаров административдик ресурс колдонуп жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 29-декабрда маалымат жыйында билдирди.

Учурда президенттикке талапкер Клара Сооронкулова, Адахан Мадумаров, Каныбек Иманалиев, Канатбек Исаев маалымат жыйын берүүдө. Каныбек Иманалиев Садыр Жапаров резиденцияда жашап жатканын белгиледи. Ал "Садыр Жапаров мыйзам бузуу боюнча чемпион болду" деген пикирин билдирди.

Буга чейин президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Нургазы Анаркулов SUPER.KG порталына билдиргендей, бул сүрөт бир ай мурун тартылган. "Жапаров премьер-министрлик кызматын убактылуу токтоткон. Ал өкмөт башчы катары резиденцияда жашаганга укугу бар. Ал эми тамак-аш, байланыш, унаа өзүнүн эсебинен, мамлекеттен каржыланбайт", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан