super.kg logo

Анжелика: "Жашоо керемет" ырын эми ырдабайм, автордун кызы 20 миң доллар сурады"

 

Ырчы Анжелика Кайратова "Жашоо керемет" ырын эми ырдабай тургандыгын, автордун кызы андан 20 миң доллар сурагандыгын Инстаграм баракчасына жазып чыкты.

"Ырлардын чыры бүтпөдү. “Жашоо керемет” ырын эми такыр аткарбайм. Бир ырдан баш тартып, тапкан акчамды Аллах ыраазычылыгы үчүн муктаждарга бергеним оң. Мен анда беш жашта элем. Чубак Сатаев, Марат Алыбаев агаларыбызды үйдөгү отуруштарда, тойлордо көрүп жүрчүбүз. Ата-энелерибиз ырларын сүйүп ырдаганда биз дагы жаттап калчубуз. Анда бүгүнкүдөй закондор жок эле. Каалагандар автордун атын айтып ырдашчу, алар өз каалоолору менен белек кылып жазып берип, батасын берчү. Албетте, мен КРнын мыйзамдарына баш ийем. Бирок бардык нерсе чеги менен болушу керек. 1995-жылдан бери аткарып келе жаткан ырды аткаруума тыюу салышты. Атасынын ырларын патенттен өткөрүп алган Марат Алыбаев агабыздын кызы аткарууга уруксат берүүгө 20,000$, андан соң 3000$ талап кылды.
Бардык авторлор алчу акчадан баш тартты. Кеп акчада эмес, кеп адамдын ач көздүгүндөбү деп жаман болуп жатам. Жүрөгүм сыгылып, денем чымырап, моюнум буулуп, шагым сынып жатат.
Ушундай алыска качып кетким келип жатат. Менин аудиом жазылып жатат, интернетке таратам деп талуу жериме тийди. Алдын ала бул маалыматты кыскартып чыгарууну чечтим", -
дейт Анжелика.






Ырдан чыккан чыр. Анжеликанын Марат Алыбаевдин кызы менен сүйлөшкөн аудиосу

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(17)
29.12.2020. 16:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
785
Катталган:
19-04-2014
Соӊку аракети:
16-01-2021 16:40
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ala-Buka
+17
Эгер маалымат чындык болсо ото начар кыз экен. Кайра суйунбойбу атасынын ыры жанырып турганына.
29.12.2020. 16:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
344
Катталган:
10-08-2012
Соӊку аракети:
14-01-2021 18:55
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+20
Автордун калеми учун акча берилиш керек,бирок 20мин доллар дегени ото уят.Айчурок эже деп суйлогонуно караганда баягы эле Айчуроктун тымызын бут тосуусу окшойт.Килейген эле аял ушу Айчурок онолбоду.
29.12.2020. 16:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
133
Катталган:
26-02-2019
Соӊку аракети:
16-01-2021 15:25
Жынысы:
Белгисиз
-7
Неге 20000$ га сыгыласын а бир жакшы турмушуң бузулганда чардап жүрдүң?
29.12.2020. 17:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
373
Катталган:
26-04-2018
Соӊку аракети:
16-01-2021 15:09
Жынысы:
Белгисиз
+11
aslonur,бироонун жеке жашоосу,бирооно чытырман токой,ойуна келгенди оттобочу суйлойт десе эле суйлой бербей.эл карантине калып даары таппай не кылаарын билбей калганда,ушул айым копторго кол сунду го.колундан эч нерсе келбейт да колунан келген Кишиге асылбай.
Shabi түзөттү 2020-12-29 17:12:02
29.12.2020. 17:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
28
Катталган:
17-09-2020
Соӊку аракети:
16-01-2021 18:19
Жынысы:
Белгисиз
+11
2мин доллар десе жакшыраак болмок го, алкымы чон кыз экен, эч ким албаса ал ыр да, атасынын мээнети да унутулат
29.12.2020. 17:16 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
15-11-2020
Соӊку аракети:
16-01-2021 15:23
Жынысы:
Белгисиз
-7
Ар кайсыны суйлой берет да башка сайттарда 3000 сурады деп журот го.Бекер эч нерсе жок да анда сен дагы бекер ырда тойлорго барып
29.12.2020. 17:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
424
Катталган:
14-11-2019
Соӊку аракети:
15-01-2021 20:28
Жынысы:
Белгисиз
+14
Атаңды уят кылбай, арбагын сыйлап, өээмгегиң менен тапсаң болмок, атаңдын ырын, даңкын өчүрбөй ырдап жүргөн ырчыларга рахматыңды айтып, куран окуп жур!
29.12.2020. 19:10 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
23-10-2020
Соӊку аракети:
06-01-2021 13:47
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушу жетишпей жатты эле
Медиа-портал
29.12.2020. 19:42 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
24-10-2020
Соӊку аракети:
16-01-2021 17:51
Жынысы:
Белгисиз
0
Өзүң ыр жазбайсыңбы,даяр ырды ырдап коюп оолуга бербей.
29.12.2020. 20:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3209
Катталган:
11-01-2017
Соӊку аракети:
16-01-2021 11:02
Жынысы:
Белгисиз
0
Мумкун сен ал кызга жакпайсын, ошол учун ушундай кылгандыр.
30.12.2020. 01:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
48
Катталган:
30-04-2020
Соӊку аракети:
16-01-2021 14:01
Жынысы:
Белгисиз
0
bond02,Болушу мүмкүн. Чырдын башында,жүргөнү жүргөн. Бираз көркөмдөп сүйлөгөндөй сезилет Анжелика. Кудай билет, кандай болгонун, эмнеге акча сураганын, эмне сөз болгонун. Комментарийде кызды элдер каралап жатат.Туура эместа. Мен кыздын ордунда болсом,акча деле керек эмес, сен деле ырдабай эле кой демекмин. Үнү бар ырчылар, ырдасында жакшы ырды.
29.12.2020. 22:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
291
Катталган:
05-11-2019
Соӊку аракети:
16-01-2021 20:34
Жынысы:
Белгисиз
+2
Атасына да сөз тийгизди акылы жок. Ошондой акындын кызы ушул кепти айтканы уят эле нерсе. 20 миң $ ырды алып ырдабай койгон киши не болуптур.
30.12.2020. 04:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
20-02-2019
Соӊку аракети:
31-12-2020 05:44
Жынысы:
Белгисиз
+1
Анжелика караса эч ким аны эстебей койсо анан кайра озуну пиарлап чыктыда, эл унутуп баратканда эске келтире койду, дайыма элдин оозунда болгонду жактырат окшойт
30.12.2020. 07:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
14
Катталган:
02-07-2017
Соӊку аракети:
16-01-2021 16:45
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Керемет Ааламы
+1
20миң доллар деген не деген акча, мындай акчага бир үй алса болот, уяты жок кыз экен. Анжелика эң туура кыласың бул ырды ырдабай эле кой, өзүң айткандай ушул акчаны кайрымдуулукка жумшасаң чоң сооп аласын
30.12.2020. 09:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
272
Катталган:
25-02-2019
Соӊку аракети:
16-01-2021 18:22
Жынысы:
Белгисиз
0
Алыска качып кет да Маратты алып
30.12.2020. 11:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
34
Катталган:
25-10-2019
Соӊку аракети:
16-01-2021 16:13
Жынысы:
Белгисиз
0
Сыгылып буулуп дубайга кетиварипсанкууу
01.01.2021. 16:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
141
Катталган:
09-08-2015
Соӊку аракети:
16-01-2021 19:17
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошон үчүн өзү обонун,текстин жазган ырчылар оригиналдуу да. Бирөөнүн ыры деген баары бир бирөөнүн ыры.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
159252;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: