Мыктыбек Арстанбек атаандаштарына төмөнкүдөй суроо узпатты.
"Эмне үчүн мусулманмын деген эл шариат эрежелерин жашоосуна киргизе албайт?".
Узатылган суроого Мыктыбек Арстанбек төмөнкүдөй жооп узатты.
"Бүгүнкү күнгө чейин ыйык аталган пайгамбарлар, ошол убакыттын деңгээлине жарактуу болчу. Ал учур өтүп кетти. Азыр адам ааламдын бир бөлүгү жана азыр жогорку күчтөр аларга мээрим төгөт".
"Армиябыз күчтүү болсо миграция азаймак", - деди Арстанбек.
"Кыргыз өлкөсү эли менен күчтүү. Биз өз армиябызды жакшы жакка бурган саясат жүргүзүшүбүз керек. Армиябыз мобилдүү жана чакан болушу керек", - деди Рашид Тагаев.
"Ар бир өзүн сыйлап урматтаган мамлекет армиясына эң биринчилерден болуп маани берет", - деди Ташов.
Алып баруучу тарабынан теледебаттын катышуучуларына өлкөгө армиянын зарылдыгы тууралуу суроо узатылды.
"Бул жерде 2 маселе бар. Бири мыйзам, экинчиси ошол мыйзамдын кепилдигин алган башкаруучу. Ооба, бизде жакшы мыйзамдар бар, бирок алар иштебей жатат деп айтып жатышат. Алардын иштешин көзөмөлдөгөн адамдарды эл шайлап жатат, алар бирок көзөмөлдөй албай жатат. Маселе эмнеде, жоопкерчиликте. Жоопкерчилик конкреттүү жазадан пайда болот. Албетте муну баарыбыз билебиз, бирок баарыбыз эки жүздүүбүзбү, аны айтпайбыз. Өзүбүз токуган мыйзамдар жоопкерчиликти пайда кылбайт. Ошондуктан шариаттагы мыйзамдарды алып киришибиз керек", - деди Мыктыбек Арстанбек.
Садыр Жапаров жана Рашид Тагаев дебатка катыша албаганы белгилүү болду. Алып баруучулардын айтымында, алар аймактардагы жолугушууларына байланыштуу дебатка катыша албастыктары тууралуу билдиришкен.
Президенттикке талапкерлердин дебаты башталды.
Мыктыбек Арстанбекке алгачкылардан болуп сөз берилди.