Кыргызстанда 1-сентябрга карата катталган 4 965 ВИЧ инфекциясын алып жүргөн жарандардын 38 пайызы 29 жашка чейинкилер. Маалыматты “Альянс репродуктивдүү ден соолук” коомдук уюмунан билдиришти. Ал эми 2011-жылы Кыргызстандагы 20 жашка чейинки энелердин өлүмү 5,6 пайызды түзүптүр. Статистикалык маалыматтарга ылайык, мамлекеттик клиникаларда жылына 15 жаштан 19 жашка чейин 1200-1500дөй кыз боюнан алдырат.