Креативди улай... Ленин РИИБинин кызматкерлеринен Жаңы жылдык өзгөчө куттуктоо

Бишкек шаарынын Ленин РИИБинин милиция кызматкерлери кыргыз элин келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктайт.

"Кыш мезгилин утурлай көпчүлүк күткөн Жаңы жылда жакындап калган чагы. Мындай ызгаар суукта күжүрмөн эмгек менен, биринчи кезекте ички иштер органдарынын кызматкерлери күнү-түнү талыкпай кызмат өтөшөт. Бишкек шаарынын Ленин РИИБинин өздүк курамы ата мекенге ар дайым кызмат кылып, ар бир үй-бүлөнүн тынчтыгы үчүн болгон күч-аракетин жасап, келе жаткан жаңы жылыңыздар менен куттукташат. Жаңы жыл токчулук менен ырыскынын, жаркын үмүт менен кыял-тилектердин жылы болсун. Сиздерди урматтоо менен Бишкек Ленин РИИБинин өздүк курамы", - деп жазылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, кечээ, 29-декабрда Бишкек ШИИББинин музыкалык ыргакта жарыгы жанган унааларды тизип, жаңы жылдык өзгөчө куттуктоосу жарандарга жакшы маанай тартуулап, интернет колдонуучуларынын мактоосуна татыган.

Креативди улай Ленин РИИБинин милиция кызматкерлеринен Жаңы жылдык куттуктоо
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
sultan_bek
2020-12-30 09:51:18
Кыргыз элим Жаны жылынар кут болсун. Жаны жылды жакшы тосуп, сиздерге жакшылык алып келсин. Жаны жылынар менен
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан