Борбордук шайлоо комиссиясы башкаруунун формасын аныктоо үчүн референдум өткөрүү боюнча үгүт иштерине катышууга 50 жалпыга маалымдоо каражатын каттады. Анын ичинде 37 радио-телевидение болсо, калган 13ү интернет басылмалар. Кыргыз өлкөсүндө мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана мамлекетти башкаруу формасын тандоо боюнча референдум 2021-жылдын 10-январына белгиленген.