Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 3-октябрга карата 15 миллиард 921 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу “Электрстанциялар” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди. 2012-жылы бул көрсөткүч 17 миллиард 512 миллион метр кубду түзгөн.
3-октябрга карата суу сактагычка суунун агып кириши секундуна 262 метр кубду түзүп жатса, былтыр бул көрсөткүч 271 метр куб болчу.