"Чет жерден алган билим менен өлкөбүздүн өнүгүүсүнө салым кошкум келет" деген 21 жаштагы Мыктыбек Өмүрбеков учурда Түркиянын Конья шаарында билим алууда. Кыргыздын сыймыктуу уулу чет өлкөдөгү жашоосу, окуусу, кыялдары тууралуу SUPER.KG порталына айтып берди.
- Түркияда билим алып жатканыңызга канча жыл болду? Чет өлкөгө кантип, кандай жолдор (программа) менен барып калдыңыз эле? Кайсы багытта билим алып жатасыз?
- Убакыт өтө тездик менен өтүп жатыптыр. Кечээ эле келгендей болгон элем, билим алып жатканыма 3 жылдын жүзү болуптур. Мен лицейде окуп жаткан кезимде Түркия Стипендиялары аттуу программа менен бизди тааныштырып калды. Бул программа окуучулардын Түркияда бекер билим алуусун камсыздайт. Ал программага ийгиликтүү тапшырып, 2-турунан да өткөн абитуриенттер университетте бекер билим алуу, жатакана, тамак-аш жана айлык стипендия менен камсыздандырылат. Түркия Стипендияларына 11-классты окуп жатып тапшырдым. Бардыгын ийгиликтүү бүтүргөн соң, “куттуктайбыз сиз университетке кабыл алындыңыз” деген кубанычтуу кат келди. Азыркы кезекте Түркиянын Конья шаарындагы Конья Техникалык университетинин компьютердик инженерия факультетинде окуп жаткан кезим.
- Чет өлкөнүн сизге эмнеси жакты?
- Эгер Кыргызстан менен салыштырып жалпы алып карай турган болсок, жарандар үчүн түзүлгөн шарттары мага жакты десем болот. Медицина тармагында жаңы технологиялардын колдонулушу, коомдук транспорттун ыңгайлуулугу жана шаардын тазалыгы. Эң башкысы билим алуу үчүн мыкты шарттар түзүлгөн. Мына ушул нерселер адамга чоң мотивация берет. Бул жакка келген соң дүйнөнүн ар тарабынан дос күттүм, дүйнө таанымым кеңейди, билбеген көп нерселеримди үйрөндүм.
- Алгач барганда эмне өзгөчөлүгүн байкай алдыңыз? Биздин элге эмнеси менен окшошуп же айрымаланып турат экен?
- Мен жашап жаткан шаар бир аз абасы кургак келет, жарымы чөл десек болот. Бирок ошого карабастан ар дайым жашылдандырып турууга аракет кылышат. Ага өзгөчө маани беришет экен. Андан сырткары көптөгөн чет элдик студенттер менен иштешкен, жардам берген фонддор бар. Булар студенттердин муктаждыктарында жардам берүүгө даяр жана эс алуу максатында атайын иш-чараларды уюштуруп берип турат. Эгер жалпы элин алып карай турган болсок, биздин маданиятыбыздан көп деле айырмаланбайт. Окшош салт, үрп-адаттарыбыз көп. Биринчи келгенимде мени бираз таңгалдырган нерсе, тамекинин көп чегилгенин көрдүм. Балдардын гана эмес кыздардын көп чылым чегиши мени бир аз таң калдырды, мага жат көрүндү.
- Окууну аяктаган соң Кыргыз өлкөсүнө келүү планыңыз барбы? Өзүңүз өлкөбүздүн кайсы жеринен болосуз?
- Чет өлкөгө чыккан максатымдын бири ал жактан алган билимимди өз мекенимде колдонуу жана мекендештер менен бөлүшүү болчу. Буюруса келечекте абдан жакшы план, кыялдарым бар. Чет жерден алган билим, топтогон тажрыйбам менен барып өлкөмдүн өнүгүүсүнө салым кошом. Бул жактан көрүп жүргөн бардык жакшы нерселер эмне үчүн бизде жок деп ойлонот экенсиң. Көрүп жаткан жакшы нерселерди, андан да жакшысын биз өлкөбүздө жасагыбыз келет. Келечекте башкалар кыялданган өлкөнү биз курабыз. Өзүм жөнүндө айта кетсем, Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районунун Бөрү-Баш айылында төрөлгөм. Башталгыч класстарды айылда, орто мектепте окугам. Кийин шартка байланыштуу Бишкек шаарына көчүп келдик. Бишкекте №83-орто мектепте окуп, кийин Кыргыз-Түрк Анадолу лицейин аяктадым.
- Кыялдар орундаларына ишенесизби?
- Сөзсүз түрдө ишенем. Анткени адамдын өзүн өстүруп, жашоого болгон кызыгуусун арттырып, алдыга жылуусуна себеп болуп турган негизги нерселердин бири кыялдары деп ойлойм. Биз да өз кыялдарыбызды ишке ашыруу үчүн колубуздан келишинче аракет кылабыз. Ошону менен бирге дагы да бийиктиктерди кыялданууну токтотпойм.
- Жашоодо эң негизги максатыңыз эмне?
- Белгилүү бир гана максатым бар деп айта албайм. Мен үчүн алдыга койгон максаттарымдын баары маанилүү. Алардын бири Чынгыз Айтматовдун сөзүндө айтылгандай, “адамга эң кыйыны күн сайын адам болуу”. Менин да негизги максаттарымдын бири кандай жагдай болбосун, кандай абал болбосун күн сайын адамдык касиетимди жоготпой адам болуу. Биринчи иретте мени өстүрүп, тарбиясын берген ата-энемдин ишеничин актоо. Азыркы алып жаткан билимимди үй-бүлөм үчүн, мекеним үчүн пайдалана билүү- максаттарымдын бири.
- Бакыт деп сиз эмнени түшүнөсүз?
- Мен үчүн бакыт – бул келечекте үй-бүлөм менен, мага жакын адамдар менен кыялымдагы жашоону жашоо. Жакындарымдын жүзүнө жылмаюу тартуулоо мен үчүн бакыт. Адамдын күзгүсү адам демекчи, алардын кубанычы менин да сүйүнүчүм болот.
- Ийгиликке жетүү үчүн эмне кылуу керек?
- Азыркы учурда мен өзүмдү бир ийгиликке жетишкен адам катары санабайм. Бирок мен үчүн ийгиликке жетүү бул күн сайын адамдын өзүнө салым кошуусу. Бекеринен айтылбаса керек, "окуу, окуу жана окуу" деп. Азыркы замандын талабына жараша адам дайыма изденүүнүн үстүндө болуусу абзел. Анткени жаңы технологиялар күн сайын чыгып жатат, жаңылануулар тынымсыз болуп жатат. Ушундай абалда кайсы тармак болбосун замандан артта калбастан, адам өзү жаңы билимге умтулуп, жаңыланып туруусу зарыл. Ошондой эле эң маанилүүсү кесипти туура тандоо. Анткени жакшы көргөн нерсесинин артынан чуркаган адам эч качан талыкпайт деп ойлойм.
- Чет өлкөдөн билим алгысы келген жаштарга эмне кеңеш бере аласыз? Сөзсүз акча керекпи?
- Чет өлкөдө окугусу келгендерге айтаарым өзүңөрдүн оюңарда чийилген чектерден сыртка чыгуудан эч коркпогула. Максатыңарды бийик коюп, кыялданып алардын ишке ашуусуна биринчи кезекте өзүңөр ишенүүңөр керек деп айтам. Анткени ар бир адам өзүнүн жашоосу кандай нукта болушу керектигин өзү чечет. Позитивдүү ойлонуп, кыялыңарга жете турганыңарга ишенишиңер керек. Албетте, “алма быш оозума түш” деп жата берүү да болбойт. Ошон үчүн бир аз изденүү жана аракет кылуу зарыл .Азыр интернет деген жакшы нерсе бар эмеспи дүйнөнүн булуң-бурчундагы жаңылыктарды көрүп, окуй алабыз. Ошондой күчтүү нерсени туура жолдо колдонуп, ар кандай университеттер жөнүндө изилдеп окуу жолдорун тапса болот. Аракет гана кылуу керек. Талыкпай кылган эмгектин үзүрү эртеби же кечпи сөзсүз түрдө кайтып келет. Азыркы кезде көп нерсе акчага такалат эмеспи. Бирок бардыгы эмес. Анткени бул жактагы окуумду акча чече турган болсо мен азыр чет өлкөдө болбойт элем. Алып жаткан билимим толук түрдө акысыз. Менин оюмча бул адамдын канчалык деңгээлде каалап жатканына байланыштуу.
- Маегиңиз үчүн чоң рахмат!