Бүгүн, 30-декабрда Бишкек шаардык мэриясы жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйын өткөрүүдө. Алгач жыйынды баштоо алдында Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев маалымат каражат өкүлдөрүнө ыраазычылык баракчасын тапшырып, журналисттерди Жаңы жылы менен куттуктады. Андан соң калаа башчысы журналисттердин суроолоруна жооп берүүгө кезек берди.
Жыйындын жүрүшүндө Түлөбаев 120 миллон долларга бульвар кургандан көрө, ал акчага ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жардам берүү оң экенин айтты.
"Бульварды салышыбыз керек. 120 миллион долларга бульвар салгандан көрө башка пайдалуу иш кылсакпы деп турабыз. 7 аялуу жаранга батир бердим. Тоголок жетимдер, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар бар. Жакында бул боюнча жыйынтыкты айтам", - деди Түлөбаев.