Ош шаарына 2 жылдан кийин дагы бир чоң көпүрө курулат
Ош шаарында 2 жылдан кийин дагы бир чоң көпүрө курулат. Муну шаар башчысы Мелис Мырзакматов 2-октябрда жергиликтүү телеканалдардын бириндеги түз эфир учурунда айтты. Шаарда курулушу башталган эстакадалык көпүрөнүн курулушу бир жарым жылда бүтөт. Андан кийин "Буюм базары" тараптагы жолдун үстүнөн өтчү дагы бир көпүрөнүн курулушу башталат. Ал көпүрө Абсамат Масалиев проспекти менен Курманжан датка, Ленин көчөлөрүн бириктирет.