Жогорку Кеңеште КРнын Акыйкатчысын шайлоонун 2-туру кайрадан башталды. Аталган кызматка Асия Сасыкбаева менен Бакыт Аманбаев ат салышууда. Эсептөө комиссиясынын чечими боюнча, депутаттар бюллетендеги 2 талапкерге тең макул же каршы деген белги коюп чыгышат.
Эске салсак, 2-октябрда парламентте КРнын Акыйкатчысын шайлоо өттү. Биринчи турда 49 талапкердин ичинен Асия Сасыкбаева менен Бакыт Аманбаев кийинки турга өтүшкөн эле. 2-турда депутаттарга 97 бюллетень таратылып, урнаны ачканда 101 бюллетень чыкты. Буга байланыштуу шайлоонун жыйынтыгы чыкпай, аны өткөрүү 3-октябрга белгиленген.