Дүйнөдө адамдык капиталдык өнүгүү индекси боюнча Кыргызстан 92-орунду ээледи

Дүйнө жүзүндөгү  адамдык капиталдык өнүгүү индекси боюнча Кыргызстан 92-орунду ээледи. Мындай жыйынтык Бүткүл дүйнөлүк экономикалык форум менен Гарвард университети жана Mercer Human Resource Consulting эл аралык консалтинг компаниясынын аналитикалык тобунун изилдөөлөрүнөн кийин чыгыралды. Мамлекеттердин өнүгүү капиталын аныктоо 50 көрсөткүч менен каралган. Дүйнөдөгү адамдык капиталдык өнүгүү индекси боюнча тизменин башында Швейцария, Финляндия, Сингапур, Нидерланд, Швеция, Германия, Норвегия, Улуу Британия, Дания жана Канада өлкөлөрү турат. 

Орусия  51-орунда, КМШ жана Балтия мамлекеттери: Эстония 27, Литва 34, Латвия 38, Казакстан 45, Украина 63, Азербайжан 64, Армения 73, Грузия 77, Молдова 83, Кыргызстан 92-орунда.

Дүйнөлүк экономиканын лидерлери деп эсептелген Япония 15, АКШ 16, Кытай 43, Бразилия 57 жана Индия 78 орунду ээледи.

   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан