2-октябрда Бишкектин мэри Иса Өмүркулов шаардагы Жылуулук электр борборунда болду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы маалымдады. Иса Өмүркулов: “Бишкек ЖЭБинин учурдагы таш көмүр, отундун башка түрлөрү менен камсыз болушу жана жылуулук агрегаттарынын даярдыгы баарыбызды тынчсыздандырат. 2013-жылы кышка даярдык иштери өткөн жылдагыдан жакшы жана сапатуу жүргүзүлдү. ЖЭБди 380 миллион сомго реконструкциялоо белгиленүүдө жана 790 МВт кубаттуулук кошулмакчы. Шаарда 100дөн ашык көп кабаттуу үйлөр курулууда, ошондуктан реконструкциялоо иштерин жүргүзүү зарыл”,- деди. Айтымында, Бишкек ЖЭБи кышка даяр. Таш көмүр белгиленген мөөнөттө келип жатат. Кампаларга 450 миң тонна Казакстандын, 400 миң тонна жергиликтүү ишканалардын көмүрүн түшүрүү белгиленген. 2013-жылдын 1-октябрына кампаларга 205 миң тонна көмүр түшүрүлдү. Октябрда 100 миң тонна көмүр келмекчи.