"Таштанды таштабагандарга рахмат". "Тазалыктын" кызматкерлери кыргыз жана англис тилинде ырдашты (видео)

"Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери учурунда популярдуу болгон "Ирония судьбы" ырын үч тилде аткарышты. Бул тууралуу видеону аталган ишкананын басма сөз катчысы Жибек Каракеева социалдык тармактагы баракчасына жүктөдү.

"Сиздер "Ирония судьбы" ырын кыргыз жана англис тилдеринде уктуңуз беле? Биз сиздер үчүн аткарып, баарыңыздарды Жаңы жылыңыздар менен куттуктайбыз.Таштанды таштабаганга аракет кылып, өзүн жакшы алып жүргөндөргө рахмат ”, - деп жазган Жибек Каракеева.

Бул видео интренет колдонуучулары тарабынан мактоого алынып, жагымдуу пикирлер жазылууда.

"Тазалыктын" кызматкерлери кыргыз жана англис тилинде ырдашты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан