Ички иштер министри Улан Ниязбеков Кыргыз элин Жаңы жыл майрамы менен куттуктады.
"Ардактуу ардагерлер жана кесиптештер! Үзөңгүлөш эр азаматтар!!! Урматтуу Ички иштер органдарынын кызматкерлери! ИИМдин Ички аскерлеринин кызматкерлери! Сиздерди кирип келе жаткан 2021-жаӊы жылыӊыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм. Урматтуу кесиптештер, сөзүмдүн башатын жакшы тилек, жаркын каалоолор менен баштоону туура көрдүм. 2020-жылды аяктап жатып өлкөбүздүн турмушунда бир катар өзгөчө маанилүү саясий социалдык окуялар болду.
Кыргыз милициясы өзүнө жүктөлгөн милдеттерди татыктуу аткарып, сыноолордон өттү. 2020-жылы Кыргыз милициясы өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал убагында өзүнүн кызматтык милдеттерин эр жүрөктүүлүк менен аткарып күнү түнү чекте турду. Ааламды каптаган пандемия Кыргыз милициясынан айланып өтүп кете албады. Катарда турган ондогон эр азаматтарыбыз жана ардагерлерибиз кабыргабызды кайыштырып арабыздан кете берди.
Жаңы жыл жакшылыктардын, жакшы жетишкендиктердин жылы болсун. Жаңы жылыңыздар менен!", - деп жазылат куттуктоодо.