"Тынчтык жана бакубат жашоо". Чет өлкөнүн президенттери кыргыз элин Жаңы жылы менен куттукташты

Орусиянын президенти Владимир Путин президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовду жана кыргыз элин Жаңы жыл майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Орус-кыргыз союздаштык мамилелери жана стратегиялык өнөктөштүк жогорку деңгээлде. Биздин өлкөлөр Евразия интеграциялык процесстердин алкагында конструктивдүү кызматташууда, аймактык жана эл аралык коопсуздукка болгон коркунучтар, анын ичинде коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө күч-аракеттерди бириктирип жатат. Келе жаткан жылда көп кырдуу кызматташтык биздин элдердин жыргалчылыгы үчүн өнүгөт деп ишенем", - деп айтылат куттуктоодо.

Владимир Путин Талант Мамытовго бекем ден соолук, кыргыз элине тынчтык жана бакубат жашоо каалаган.

Ал эми Казакстандын мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев да кыргыз элин Жаңы жылы менен куттуктап, өлкөгө жаңы жетишкендиктерди каалаган.

Ошондой эле Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев да куттуктоосун жиберип, эки өлкөнүн ортосундагы өнөктөштүк мындан ары дагы чыңдалып, жигердүү өнүгө берерине ишенерин айткан.

Ал эми Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев кийинки жылы стратегиялык өнөктөштүк толугу менен жаңы деңгээлге көтөрүлөрүнө шек жок экенин белгилеген.

Түркмөнстандын лидери Гурбангулы Бердымухамедов боордош элге тынчтык, мындан аркы өсүп-өнүгүүнү каалаган.

Ошондой эле Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана Дания Королевасы Маргрете II Кыргыз Республикасынын президентинин милдетин аткаруучу Талант Мамытовго жана Кыргыз өлкөсүнүн элине жаңы жылдык жакшы каалоо-тилектерин билдирген куттуктоолорун жолдошкон.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Chungyz
2020-12-31 17:30:14
Акш жокко
+1
Omyke
2020-12-31 18:00:09
Маладэстер
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан