Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын мыйзамсыз кирешелерди легалдаштырууга каршы бөлүмү тарабынан шаардагы банктардын биринин кызматкери мекеменин акчасын өз кызыкчылыгына пайдаланганын аныктады. Кылмышка шектүү А.К. 1984-жылы туулган. Ал кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, шаардын 3 жаранынын атынан кредиттик келишим түзүп, 450 миң сомду өз пайдасына иштетип жиберген. Учурда бул иш боюнча материалдар Ош ШИИБине өткөрүлүп берилип, териштирүү жүрүп жатканын мэрия кабарлады.