Ысык-Көл. Каракол ШИИБинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери кесиптик майрамын белгилешти
5-октябрда Каракол шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн түзүлгөнүнө 95 жыл толот. Буга карата 2-октябрда облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан милиция
кызматкерлери арасында футбол мелдеши уюштурулду. Бул тууралуу ОИИБинин басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди. Айтымында, мелдешке 8 команда катышып, жеңүүчүлөргө
ОИИБинин жетекчилиги тарабынан сыйлыктар тапшырылды. Кошумчалай кетсек, мындай
мелдеш 3 жылдан бери салтанаттуу түрдө
өткөрүлүп келет.