2021-жылдын 10-январында Кыргыз өлкөсүнүн жарандары мамлекет башчысын тандоо менен бирге өлкөнүн башкаруу формасын тандап, добуш беришет. Ал күнү добуш берүүнүн тартиби кандай шартта өтөрүн БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов түшүндүрүп берди.
Анда ал 2021-жылдын 10-январына дайындалган президенттин мөөнөтүнөн мурда шайлоосунда добуш берүүнүн жол-жоболору мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык жүргүзүлөрүн белгилейт.
- Референдумга добуш берүү үчүн шайлоочуга 2 бюллетень берилет.
- Шайлоочу келип идентификациядан ийгиликтүү өткөндөн кийин шайлоочуга эки чек чыгарылып берилет.
- Анын бири президентти шайлоо боюнча бюллетень жана референдумдун катышуучусу катары өзүнчө бюллетень берилет.
- Бюллетендердин түстөрү эки башка болот. Референдумдун катышуучулары үчүн көк түстөгү бюллетень берилет. Ал эми президентти шайлоо боюнча ак түстөгү бюллетень берилет.
- Эки шайлоо бюллетенин алгандан кийин добуш берүүчү кабинага кирип президент боюнча өзү тандаган талапкердин тушундагы боштукка тиешелүү белгини коет, аны өзүнчө автоматтык эсептөөчү урнага салат.
- Ал эми референдумдун катышуучусу катары бюллетенде көрсөтүлгөн үч позициянын бирине добуш берет. Биринчиси, "президенттик башкаруу формасын каалайсызбы" экинчиси, "парламенттик башкаруу формасын каалайсызбы" үчүнчүсү, "бардык варианттарга каршы" деген позиция.
- Добуш берүүчү бош квадратка тиешелүү белгисин койгондон кийин бюллетенин атайын референдум үчүн коюлган автоматтык урнага салат.
- Эгерде референдумдун катышуучусу бош квадраттардын бирине да белги койбой калса же бирден көп белги коюлуп калса, ал бюллетень жараксыз деп эсептелинип калат. Андыктан сөзсүз түрдө бир бош квадратка белги коюлушу шарт.