"Ал жакка барып ушак айтышкым келген жок". Садыр Жапаров теледебатка катышпай калганынын себебин түшүндүрдү

Президенттикке талапкер Садыр Жапаров SuperTV каналынын “Саясий коктейль” телеберүүсүнө интервью берип жатып КТРКда өткөн теледебатка катышпаганынын себебин түшүндүрдү. Теледебат 29-декабрда өткөн, бирок ага Садыр Жапаров катышкан эмес. Бул тууралуу программанын алып баруучусу Шайиста Шатманова Жапаровго суроо узатканда, Жапаров төмөнкүчө жооп берген.

“Эми мен Бакиевди, Жээнбековду туураган жокмун. Мен өзү табиятымдан эле бирөө менен айтышып, анан ушак териштиргенди жек көрөм. Анан ал жакка барып алып, акыйнек айтышып, ушак териштирип отургандан көрө мен эл менен көбүрөөк жолугуп, алардын көйгөйлөрүн угуп, аймактарда кандай көйгөйлүү маселелер бар ошолорду билип, маалыматтарды топтоп алганым мага он эсе пайдалуу. Ошондуктан мен эл менен жолугуп жүрөм, дебатка убактым да болгон жок. Эл дебатта укчу сөздү мени менен түзмө-түз жолугушкан учурда деле угуп жатат, алардын арыз мүңун угуп жатам”, — деген Жапаров.

Ошондой эле Жапаров кийинки турга катышуу боюнча да азырынча анык чечим чыгара электигин кошумчалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан