Ырчы Анжеликанын сырдуу түгөйү Дубайда колун сурады. Бул тууралуу ырчы айым Инстаграм баракчасына жазды.
Ал кучак толо роза гүлүн кармап сүрөт тиркеп, "бакыт тынчтыкты сүйөт десем, катталуучуларың бизге чексиз бакыт тилеп койсо, ашыкча болбойт дейт түгөйүм", - деген билдирүүсүн калтырган.
Ошондой эле ал Инстаграм баракчасынын тарыхча бөлүгүнө: "Колумду жууп келсем стол өзгөрүп калыптыр, гүлдөн жүрөкчө жасап коюшуптур. Видеого тартылбаган кадрлар эсимде гана сакталып калды. Жабык тарелкадагы десертти ачса, гүлдүн ортосунда шакек туруптур. Түшүмбү деп көзүмдү ачсам же ойгонбойм", - деп жазган.
Белгилей кетсек, ырчы Анжелика кыздары менен Жаңы жыл алдында Дубайга кеткен.