Сузак районуна караштуу Кашка-Терек айылында көмүр исине ууланып каза болгон келиндин 3 баласынын экөө эгиздер болгон. Бул маалыматты Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы тастыктады.
Маалыматка караганда, 30 жаштагы А.О. аттуу келиндин иске ууланып каза болгон 3 баласынын экөө 4 жаштагы эгиз балдар болгон. Келин кайнене, кайнатасы менен чогуу турган. Ал эми улуу баласы 9 жашта болгону белгилүү болду.
“Келиндин кайнене, кайнаталары бир короодо башка үйүндө болушкан. Эртең менен келини балдары менен жаткан бөлмөнү ачышканда, ушундай окуя болгонуна күбө болушуптур. Келиндин кайнатасы аларды ооруканага алып барганда кеч болуп калган. Маркум келиндин жолдошу 2-3 жылдан бери Орусияда иштечү экен", - деди маалымат катчы.