Кара-Кулжа районундагы Кара-Гуз айыл өкмөтүнө караштуу Апыз Калматов атындагы орто мектебинин 5-классынын окуучусу Айсезим Баймуратова премьер-министр Артём Новиковдун жаңы жылдык белегин алды. Ага белек катары смартфон, мобилдик телефон жана жаңы жылдык шириндиктер ыйгарылган. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, белектерди өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Жарасул Абдураимов тапшырган.
"Айсезимдин ата-энеси ажырашкан, азыркы учурда айылда таенесинин колунда тарбияланып жатат. Ал мектепте "эң жакшы" деген бааларга окуйт. Айсезим келечекте илимпоз катары жаңы техникаларды ойлоп табуучу болгусу келет", - деп айтылат маалыматта.