Ош шаарында өрттөн жабыркаган үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү

Кечээ, 2-январь күнү Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла Сарыбаев Туран муниципалдык аймактык башкармалыгында тилсиз жоодон турак-жайы жараксыз абалга кептелген жарандын үйүнө жергиликтүү имамдар менен биргеликте зыярат кылып, казыят тарабынан 50 миң сом акча жана курулуш материалын тапшырды. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.

"Мусулман мусулман бир тууганын зыярат кылып, башына оор түйшүк түшкөндө жардам колун сунуу — бул жакшы көрүнүш болуп, ортодогу ынтымакты бекемдейт. Ар бир кыйынчылыктын артынан бир жакшылык келет. Буюрса, сабырдуулук менен кыйынчылыктарды жеңип чыгууңуздарга тилектешпиз. Кандай кызмат болбосун ар дайым даярбыз. Насип кылса колдон келишинче көмөктөшүп турабыз", - деген Сарыбаев.

Белгилей кетсек, турак жайы өрттөнгөн жаранга жардам берүү үчүн Ош шаардык мусулмандар казыятына караштуу жума окулуучу мечиттер тарабынан акча чогултулду. Шаардагы дагы бир жарандын үйү өрттөн жабыркаганы боюнча маалымат келип, ага да жардам көрсөтүү үчүн даярдыктар жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан