Анжелика: "Жалгыз бой эне кайсы жашта болбосун турмуш куруп, бактылуу болорун көрсөткүм келет"

Кечээ, 2-январда ырчы Анжелика сырдуу түгөйү Дубайда колун сураганы тууралуу жазып, акыры макул болгонун билдирген.

Бул кабарды азыркы тапта калың эл кызуу кепке алып, өз ойлорун комментарийге жазып, билдирип жатышат.

Ал эми ырчы айым Инстаграм баракчасына кайрадан билдирүү калтырды. Анда ал ар бир адам бактылуу болууга татыктуу экенин жана ушул күнгө чейин айтылган ушактар - алар бир гана ушактар, токулмалар экенин жазган.

"Эмнеден баштаарымды билбей турам. Эх, менин жашоом - бул менин жашоом! Чоң талкуу кылуунун кажети жок. Болгону балдары бар, жалгыз бой эне кайсы жашта болбосун турмуш куруп, бактылуу болорун көрсөткүм келет. Төрт жылдан бери кыздарым менен жалгыз саякаттап жүрүп, эс алуучулардын 50 пайызы жалгыз бой энелер экенин көрөм. Балдары менен ойнойт, күлөт, бирок сырдашкан, ишенген адамы болсо деп тилейт. Чымчыктын да уясынын бузулушун эч ким каалабайт. Ушул күнгө чейин айтылган ушактар - алар бир гана ушактар, токулмалар. Жаап-жашырынып, туура эмес нерселерди Кудай алдында жасабай таза кадамдарым менен келе жатам. Ар бирибиз бактылуу болууга татыктуубуз. Аракеттенели. Эң негизгиси тең-теңи менен болуп жүрөк ээсин тапты", - деп жазды Анжелика.

Ошондой эле ырчы айым Инстаграм баракчасынын тарыхчасына аягы ушундай болорун билгенде сырдуу түгөйүнө мурун эле макулдугун билдире турганын жазган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
Almazhhhh
2021-01-03 15:07:45
Эми бактылуу болсон болду да,не обязательно элге коомго жарыя кылбай эле!!!
+15
voennyi88
2021-01-03 15:26:50
Мендагы уй-булоо курганы бир кыз тапсам ушул жака чыгарамын уйлонгондон кийин. Акчасын толоп болсодагы.
+26
Sa89ai
2021-01-03 16:00:25
voennyi88,сонун го андай болсо,мени издеп тапчы
+17
sultan_bek
2021-01-03 15:36:05
Анжелика сен азаматсын. Кыргыздын кыз келиндерине айтаарым Анжеликадай эркин турмушта жашагыла. Ар кайсы сабатсыз адамдардын коз карашына, шариятына, дааватына, ушагына коз каранды болбой озунор тунук акыл, мээ менен жашагыла. Анжеликадай жашоосунда ийгилик жарата алган адамдарды дайыма колдоп турушу керек. Ишине ийгилик. Эгер кыз кишини эркек бактылуу кыла албаса, анда кыз киши озуно озу бактылуу турмуштуу издеши керек.
-12
Isk..
2021-01-03 19:34:55
sultan_bek, бул жерде даваттын тиешеси жок.даватты кошпой эле койчу .арстан алайдан окшойсун качан болсо динге асыласын
+7
Mister-XXX
2021-01-04 16:53:53
Isk..,Айтканына кошулам.Сырдуу жургон адам коп ийгиликке жетишет.
0
Arai92
2021-01-03 19:38:31
sultan_bek,Туура, кошулам.
-6
erik3
2021-01-03 15:41:01
Туура. Омур бою бойдок журо бермек беле. Тапсын озуна жаккан эркекти. Анжеликанын жеке турмушуна кийлигишкенге эч кимдин акысы жок. Ким менен эс алат, ким менен конул ачат ар бир адам жеке иши. Анжелика оз эмгеги менен жан баккан адам. Таможняга барып алып байып жаткан жери жок. Анжеликага кийим кечени, тамак ашты силер таап берген жоксунар ушакчылар.
+6
rola
2021-01-03 15:52:06
Жылда эле бироого тийип атам деп атып абийирин кетирип алды.
+22
erik3
2021-01-03 16:28:46
rola,
Сен абийир боюнча адис боло бербечи. Озуно жооп бер. Бироонун абийирин териштирбей эле кой. Чала молдо.
-14
nazira...
2021-01-03 17:21:55
erik3,мынча, сен Анжелика эмессинби? Анжелика болсон сийген, чычканынды чыгара бербей авторитетин менее эле жүр да. Жакшына ырдайсын, жөн гана ырдвп эле журө бер. Тише едешь, дальше поедешь.
+10
Beck_13
2021-01-03 17:28:47
rola,бироолорго тие берип тажатты го бул.
+3
Firdaus-Muslim
2021-01-03 19:12:04
Күйөөсү менен жарашып жашап жатпады беле? Түшүнбөдүм.
+5
arimaz89
2021-01-03 19:54:56
Бактылуу болгула!
Ар бир адам бактылуу болууга акылуу. Жандуу-жансыз, тилдүү-тилсиз, көзү өткөндөр жана тирүүлөр дебей баарына жаратканым бактылуулук берсин ылайым.
+4
azamat_tabaldiev
2021-01-03 20:08:35
Бактылуу бол.
+2
munarbek.92
2021-01-03 20:39:39
Ушул Анжеликанын окуялары бутпой койдуго Санта Барбара болуп кеттиго бул жагы
+4
jazmina909090
2021-01-03 20:47:24
Жигити казакстандык бизнесмен эмес беле билишимче
+3
SHMIT
2021-01-03 21:48:30
Анжелика лучьше биринчи куйоосу мн жашаганы жакшы кыздарыны ойлосо биринчи куйоосу мн эле жашасын кыздарга оз атасы керек.озунун кызыкчылыгын ойлоштун кереги жок. Суйуу кыла турган убакыт эчак эле отуп кетти 18деги кыз эмес
+3
nazira...
2021-01-03 21:59:30
SHMIT,точно айттын
+3
Arianushka
2021-01-03 21:51:56
Бактылуу бол!Кыйын айымсын!
-3
pero5184
2021-01-07 22:45:41
Урмат экөөбүздү ажыраштырбай турган үч кызыбыз бар.Бизде баары жакшы дебеди беле..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан