Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Эмир-Хан Кыдыршаев Испаниянын "Леванте" футболдук клубуна чакыруу алды. Бул тууралуу Камчыбек Ташиев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"15 жаштагы кенже уулум Эмир-Хан "Паоло Россинин" академиясында бир жарым жыл окуду жана Италиянын "Перуджа" футболдук клубунда жарым жылдай ойноду. Эми Испаниянын "Леванте" футболдук клубунун кароосуна чакыруу алды жана биринчи жолу чет өлкөгө мен жок кетип жатат.
Уулум, сага бардык жакшылыктарды каалайм, эми сен "Ла Лигада" ойногон биринчи кыргыз футболчусу болосуң деп ойлойм", - деп жазды Ташиев.
"Леванте" футболдук клубу 1909-жылы негизделген. Учурда бул футболдук клуб Испания чемпиондугунун жогорку лигасында (Ла Лига) ойнойт жана Ла Лиганын турнирдик жадыбалында 18 упайы менен 13-орунда келе жатат.