Бүгүн, 3-октябрда Жогорку Кеңеште КРнын Акыйкатчысын шайлоо аяктады. Жыйынтыгында Бакыт Аманбаев жеңүүчү болду. Ага депутаттардын 52си макул, 48и каршы добуш берди. Ал эми талапкер Асия Сасыкбаева депутаттардын макул 45, каршы 55 добушун алды. Акыйкатчы шайлоо кызуу талаш-тартыш менен коштолду. 2-октябрда депутаттар эртеден кечке ушул маселе менен алпурушуп, бирок акыйкатчыны шайлай алышкан жок. Биринчи турдан Асия Сасыкбаева 69, Бакыт Аманбаев 65 добуш алып кийинки турга өтүшкөн. Бирок 2-турдагы добуш берүүнүн аягында шайлоодо эреже бузуу болгону аныкталды. Депутаттарга 97 бюллетень таратылса, урнаны ачканда 101 бюллетень чыкты. Буга байланыштуу шайлоонун жыйынтыгы чыкпай, аны өткөрүү 3-октябрга белгиленген эле.
Эскерте кетсек, Турсунбек Акун июнь айында депутаттык комиссия тарабынан "мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаевдин абактан мөөнөтүнөн мурда бошотулушуна катыштыгы бар деп табылып, көпчүлүк депутаттардын добушу менен кызматтан мөөнөтүнөн мурда бошотулган эле. Андан кийин бошогон акыйкатчылык орунга талапкерлердин документтерин кабыл алуу башталган. Акыйкатчы болом деп 54 жаран арыз берип, кийин айрымдары баш тарткан. Ал эми Турсунбек Акун "акыйкатчы мыйзамсыз бошотулду, акыйкатчы шайлоо да мыйзамсыз өтүп жатат" деп 16-сентябрдан бери ачкачылык кармап жатат. Ал Батукаевдин бошотулушуна тийиши бар делген бардык аткаминерлердин жумуштан кетишин жана парламенттин тарашын талап кылууда.
Учурда Жогорку Кеңештин трибунасында жаңы шайланган акыйкатчы ант берүүдө.
Бактыбек Аманбаев - 1969-жылы 11-майда туулган. Жогорку Кеңештеги "Республика" фракциясынын депутаты Урмат Аманбаеванын бир тууганы. "Айыл деми" гезитинин башкы редактору. Мурда Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси болуп иштеген. 2010-жылдагы парламенттик шайлоодо КСДП фракциясынын тизмесинде болгон. 7-апрель окуясынан кийин Ош шаарынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри болуп иштеген.